11:43 10 апреля 2023

ОшМУда этнографиялык изилдөөлөрдүн көргөзмөсү өткөрүлдү

ОшМУнун башкы имаратында Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон, Кашка-Суу, Сары-Могол, Жекенди, Жаш-Тилек, Чак, Кара-Тейит, Карамык, Жар-Башы айылдарында жүргүзүлгөн этнографиялык экспедицияда чогултулган материалдардын көргөзмө коюлду. Көргөзмө илимпоздордун, окутуучулардын, магистранттардын жана студенттердин кеңири чөйрөсүнө арналып, ага студенттерден турган "Этнограф" клубунун мүчөлөрү жигердүү катышышты.

Экспедиция ОшМУнун ички грантынын негизинде каржыланган "Кыргызстандын түштүк аймактарындагы этнографиялык изилдөөлөр (Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы экспедициялардын негизинде)" аттуу илимий долбоордун алкагында ишке ашкан.

Илимий долбоордун жетекчиси: т.и.д., академик А.А., Асанканов, экспедициянын жетекчиси: этнограф Т.А. Айтбаев жана долбоордун мүчөлөрү Ч.Т., Сатыбалдиева, М.Ш. Султанова, С.К. Осмонова, Г.Э. Чыныкеева.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть