15:44 12 апреля 2023

ОшТУнун студенттери Наманган шаарына практикага барышты

ОшТУнун жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын костюм жана текстиль искусствосу жана жеңил өнөр-жай буюмдарынын технологиясы багытында билим алып жаткан студенттер Өзбекстандын Наманган инженердик-технологиялык институтуна практикага барып келишти.

Студенттер менен биргеликте жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын курамы, ОшТУнун практика башчысы М.Ибраеванын жетекчилиги менен эки окуу жайдын ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык, Наманган шаарында 2 күндүк сапарда болушту. Алгач Кыргызстандан барган топ Наманган инженердик-технологиялык институтунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышкан соң институттун өндүрүштүк ишканаларына барып, практика өтүштү.

НИТИнин жеңил өнөр жай факультетинин жалпы жамаатына жана студенттерине ОшТУнун жеңил өнөр-жайынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу Ж.Оморов баяндама окуп, ОшТУдагы даярдалып жаткан багыттар, материалдык-техникалык базасы, байланыштары, жеңил өнөр жай технологиясы багыты тууралуу кеңири маалыматтарды берди. Мындан сырткары, окуу жайдан барган топ Наманган шаарында жайгашкан өндүрүштүк тигүү ишканасына, булгаары иштетүүчү ишканаларга барышты.

Эки өлкөнүн ортосундагы академиялык мобилдүүлүк боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык, мындан ары дагы студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо максатында иш-чаралар улана бермекчи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть