13:52 17 апреля 2023

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү ОшТУда болушту

Жаштарды ар кайсы диний агымдардын терс көрүнүштөрүнө катышпоого чакыруу максатында ОшТУда Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.

Учурда дүйнө жүзү боюнча глобалдуу маселеге айланып бара жаткан диний экстремизм коомго терс таасирин тийгизип, элдин келечегин талкалоодо. Ислам динин жамынып алып, түпкү саясаты башка багытты көздөгөн террористтик топтор күн санап кулачын жайып, ар кайсы өлкөлөрдө массалык түрдө адам өлүмү менен коштолгон жаман көрүнүштөрдү жасашууда. Бүгүнкү жолугушууда студенттерге ошол диний-экстремисстик уюмдардын коомго тийгизген терс таасирлери, элдин келечегин жок кылуудагы аракеттери, айрыкча жаштардын аң-сезимин булгаган терс кыймыл-аракеттери тууралуу маалыматтар берилди. Жаштарга диний динди тутуудагы сабаттуулук боюнча лекциялар окулду. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер тарабынан дин тутууга арналган суроолор берилип, жооптор алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть