10:32 19 апреля 2023

ОшМПУда факультеттер аралык интеллектуалдык оюн өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Билимдүүгө дүйнө жарык» аталышында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Аталган таймашта окуу жайдын факультеттеринин 2-курстарынан тандалып алынган 7 команда ат салышып, өз билимдерин сынашты. Катышуучулар жободо белгиленгендей, «Кыргызстан тарыхы», «Дүйнөлүк бренддер», «Аралаш суроолор», «Мультикино ааламы», «Матрица УРУ» жана «Логикалык суроолор» аттуу категориялардагы суроолорго жооп берүү менен атааңдаштык жаратышты. Суроолор бардык предметтерди өзүнө камтып, логикалык акыл-эсти жогорулатууга багытталган.

Жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон 3 команда байгелүү орундарды ээлешти. Мында 3-орунга гуманитардык факультетинин Diamond командасы, 2-орунга математика жана компьютердик технологиялар факультетинин «Эйнштейн» тайпасы ээ болсо, 1-орунду музыкалык-педагогикалык факультетинин «Жаш канат» командасы багындырды.

Жеңүүчүлөргө диплом, акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Андан соң уюштуруу тобу тарабынан студенттерге рамазан айынын урматына суу жана курмалар таратылды.

Интеллектуалдык оюн жаштарды билим алууга, улам жаңы маалыматтарга үндөө максатында гуманитардык факультетинин тарых кафедрасы жарыялаган жумалыктын алкагында уюштурулган.

Жыйынтыгында 3-орунду математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин студенти Батырбек к ызы Жылдызкан, 2-орунду табият таануу жана география факультетинин студенти Шамырбеков Мухаммед ээледи. Ал эми баш байгени гуманитардык факультетинин студенти Буниса Советбек кызы багындырып, ректордун «Билим» кубогунун ээси аталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть