11:20 19 апреля 2023

ОшТУда кыргыз сомунун 30 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлүүдө

ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин экономика жана финансы кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери тарабынан кыргыз сомунун 30 жылдык мааракесине карата иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы менен студенттери шаар тургундарынан кыргыз валютасына арналган сурамжылоо жүргүзүштү. Бул иш-чаранын негизги максаты кыргыз сомунун кадыр-баркын жогорулатуу, жаштарды улуттук өзгөчөлүктөрдү баалоого үндөө, өз элинин тарыхын билүү менен өз элинин патриоту болууга чакыруу болуп эсептелет.

Улуттук валютанын бардык банкноттору жана монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана кайсы жылы чыгарылгандыгына карабастан, төлөм каражаты катары төлөөгө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин, 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть