17:24 19 апреля 2023

Өзбекстандын окуу жайларында ОшТУ жумалыгы өткөрүлүүдө

Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Турсунбаев жетектеген делегация курамы Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунда болду.

Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү жана илим тармагында кызматташуу туурасында эки тараптуу келишимге кол коюлду жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн жүргүзүү, эл аралык долбоорлорду биргелешип түзүү, эл аралык илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү туурасында макулдашышты. Өзбекстандык кесиптештер кеңири чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Иш-чара Ош жана Андижан облустарынын жетекчилеринин 2023-жылдын январында кол коюлган «Жол картасынын» негизинде ишке ашып жатат.

Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институту 1964-жылы ачылган. Учурда 8000ден ашуун студент билим алат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть