Англис тили жумалыгынын алкагында Америка маалымат-ресурстук борборунда англиялык акын, драматург Уильям Шекспирдин туулган күнүнө арналган сынактык программа уюштурулду.
Иш-чаранын максаты улуу жазуучу, драматург жаратып кеткен чыгармалар аркылуу студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, сүйлөө маданиятын өнүктүрүү, чет өлкөлүк маданиятты урматтоо, коммуникативдик маданиятты, угуу, кунт коюу жана аткаруу чеберчиликтерин өстүрүү болуп эсептелет.
Катышуучулар «Лир падышасы» жана «Ромео жана Жульетта» аттуу тайпаларга бөлүнүп, өздөрүнүн В.Шекспирдин пьесаларын сахнада аткаруу менен таланттарын, актерлук чеберчиликтерин көрсөтүштү. Сынактык программа бир нече этапка бөлүнүп, жазуучу тууралуу викторина, пьесаларды сахнада чагылдыруу, Шекспирге таандык сонеталарды көркөм окуу, цитаталарды айтуу таймашы жана Шекспирдин убагындагы вальс бийи менен коштолду.
Америка маалымат-ресурстук борборунун башчысы М.Иманалиева катышуучуларга жана келген конокторго ыраазычылык билдирди. Студенттерге борбор тараптан чакан белектер берилип, англис тили окутуучулары куттуктоолорду жана каалоо-тилектер айтышты.
Уильям Шекспир (англ. William Shakespeare) 1564-жылы төрөлгөн. Көпчүлүк тарабынан англис тилинде жазган улуу жазуучу жана дүйнөдөгү көрүнүктүү драматург катары кабыл алынган. Ал көп учурда Англиянын улуттук акыны жана «Эйвондун акыны» деп айтылат. Анын биздин күндөргө чейин сакталып калган эмгектерине, анын ичинде биргелешип аткарган иштери менен бирге 38 пьеса, 154 сонет, 2 узун баяндоо ырлары жана башка автордугу такталбаган бир нече ыр саптары кирет. Анын пьесалары азыр колдонулган бардык чоң тилдерге которулуп, башка драматургдардын эмгектерине караганда көп жолу аткарылган.