14:02 23 апреля 2023

КМУда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди

23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. Ага ылайык, 20-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Китеп ааламга жанган өчпөс чырак» аттуу иш-чара болуп өттү. Аны окуу жайдын ректору, профессор Айгүл Абдраева сөз сүйлөп, ачып берди. Өз сөзүндө Айгүл Төлөковна болочок педагог-студенттерге кайрылып, биз ысымын алып жүргөн улуу педагог, окумуштуу, коомдук ишмер И. Арабаевдин «Алиппе» китеби элибиздин сабатсыздыгын жоюуга чоң салымын кошкондугун сыймыктануу менен белгилеп өттү. Дегеле өлкөбүздөгү билим, илим саясаты, руханий дөөлөттөрүбүздү окуп үйрөнүү, китеп аркылуу гана өз максатына жетээрине токтолду.

Иш-чаранын алкагында университеттин Илимий китепканасынын демилгеси менен «Бир мугалимден - бир китеп» деген акция өткөрүлдү. Ага университеттин профессордук-окутуучулар курамы, окумуштуулары активдүү катышып, ректор Айгүл Абдраева И.Арабаев жөнүндө китептерди тапшырды.

Ал эми катышуучулар өздүк китепканаларында топтолгон китептер менен катар, өздөрү жазган автордук окуу китептерди, окуу методикалык куралдарды тапшырышты. Алсак, Педагогика факультетинин профессору Венера Мусаева 1000ден ашуун илимий, көркөм адабияттарды китепканага белекке берди. Жыйынтыгында китепканага көптөгөн китеп келип түштү.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ ”Жаш калемгер” клубунун мүчѳлѳрү И.Арабаевдин 140-жылдыгына карата жыл бою жүргүзүлгѳн кароо-сынакка коюлган автордук жана китепке арналган ырларын көркөм окушуп, мыкты ыр окуган студенттер кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту. Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен аяктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть