15:30 27 апреля 2023

ОшТУнун студенттери эл аралык олимпиадада 2-орунду алышты

ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин студенттери Алмаматова Татина, Ымамасан уулу Сыймык жана Мыйзамбекова Алина Алматы шаарындагы Эл аралык инженердик-технологиялык университети тарабынан өткөрүлгөн эл аралык олимпиадага команда менен катышып келишти.

Олимпиада бухгалтердик эсеп боюнча Казакстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлары арасында уюштурулду.

Иш-чарага жалпы 19 команда катышып, алардын ичинен ОшТУнун Balance.oshtu командасы 2-орунду камсыз кылды. Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доценти, э.и.к. Эргешова Чынара тарабынан олимпиадага катышкан команда жетекчиликке алынып, мыкты даярдык менен барышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть