Орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары үчүн ОшТУда «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү.
Иш-чарага шаардагы жана Ош облусунун райондорундагы орто мектептердин 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү келишип, университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы М.Д.Шабданов тарабынан келечекте татыктуу билим алып, белгилүү бир адистиктин ээси болууну максат кылган жаштарга окуу жай жөнүндө кеңири маалыматтар берилди. Окуучуларды коштоп келген мектеп директорлору, мугалимдери жана ата-энелер ректор Ж.Турсунбаев менен жолугушуп, келечекте кесип тандоодо окуучулардын кызыкчылыгы тууралуу пикир алмашты. Алдыда жыл сайын өткөрүлүүчү мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө жүргөндүктөн, «Ачык эшиктин» катышуучулары жакшы жыйынтыкка ээ болгон болсо, ОшТУдан билим алышарын белгилешти.