19:08 28 апреля 2023

Казакстандын Евразия улуттук университетининде ОшМУнун филиалы ачылды

Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетининде ОшМУнун филиалы — Кыргыз тили жана маданияты борбору ачылды.

Аземге Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Нурмамат Турганбаев, орус филологиясы факультетинин деканы Гулипа Мадмарова, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Рахат Сагындыкова, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Абдымиталип Мурзакметов, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору Ерлан Сыдыков, аталган университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

ОшМУнун филиалын Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетининде ачуунун максаты — жогорку кесиптик билим берүүнүн эки багыты котормо жана котормо таануу (ангилис тили) жана орус тили жана адабияты багытында адистерди биргелешип даярдоо.

Ал эми филиалдын арты менен келечекте табият таануу, физика жана IT багыттары боюнча билим берүү программаларынын санын көбөйтүү каралган. Студенттер алгачкы 2 жылы Ош шаарында, кийинки эки жылы Казакстанда билим алышат.

Ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегция иш сапардын алкагында Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору Ерлан Сыдыков, проректорлор менен жолугуп, кызматташтыкты өнүктүрүү жаңы баскычка көтөрүүнү талкуулашты. Ошондой эле университеттин материалдык техникалык базасы менен таанышып, ЕНУда окуп жаткан ОшМУнун студенттери менен да жолугушту.

Буга чейин ОшМУда Евразия улуттук университетинин филиалы — Казак тили жана маданияты борбору ачылган. Учурда борбордо 30 студент билим алууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть