19:09 28 апреля 2023

Универсиадада ОшМУнун волейболчулары чемпион болду

Бишкек шаарында өткөн республикалык универсиадада волейбол боюнча мелдеште ОшМУнун эркектер командасы 1-орунду багындырды.

Команданын машыктыруучусу Алмаз Атабаевдин жетекчилиги астында волейболчулар тайпалык деңгээлде да, финалда да бардык оюндарда ишенимдүү артыкчылык менен жеңишке жетишти.

Универсиадада волейбол боюнча мелдешке жалпысынан 27 студенттик команда катышты.

Универсиада 3-апрелден 20-апрелге чейин Бишкек шаарында спорттун 17 түрү боюнча өттү. Мыкты командалар 2023-жылы өтүүчү Дүйнөлүк универсиадага катышуу үчүн тандалып алынат.

Волейбол боюнча эркектер курама командасынын мүчөлөрүнүн тизмеси:

1. Каныбек уулу Бексултан — Дене тарбия факультетинин студенти

2. Абдисатар уулу Таразбек — Дене тарбия факультетинин студенти

3. Акматали уулу Эржигит — Дене тарбия факультетинин студенти

4. Жаркынбаев Арген — Дене тарбия факультетинин студенти

5. Нурланбек уулу Бекзат — Юридика факультетинин студенти

6. Кубанычбек уулу Марсел — Юридика факультетинин студенти

7. Калбаев Амантур — Дене тарбия факультетинин студенти

8. Данияр уулу Бекназар — Юридика факультетинин студенти

9. Кубанычбек уулу Курманбек — Дене тарбия факультетинин студенти

10. Акбаралиев Алимбек — Дене тарбия факультетинин студенти

11. Кожомберди уулу Нурбек — Дене тарбия факультетинин студенти

12. Жаңыбаев Адилет — Дене тарбия факультетинин студенти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть