16:46 27 апреля 2023

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде 3 окумуштууга «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен филология илимдеринин доктору, профессор, түрколог Кадыралы Конкобаевге, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Тайиров Миталип Муратовичке, Түркиянын белгилүү окумууштуусу, инженер, архитектор, индустриалдык дизайнер Давуд Явузга Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Сыйлыктарды тапшыруу учурунда университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев ардактуу наам алып жаткан окумуштуулар КӨЭАУнун өнүгүшүнө кошкон салымдары боюнча сөз кылды. Ошол эле учурда наам ээлери университеттин жамааты тарабынан эмгеги жогорку деңгээлде баалангандыгына ыраазычылык билдирип, мындан ары да университет менен тыгыз иш алып бара тургандыктарын айтышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть