19:23 28 апреля 2023

Ош шаардык колледждер аралык спорттук мелдеште ОшТУнун колледжи 1-орунга ээ болду

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата Ош шаардык колледждер аралык «Мурас» өтмө кубогу үчүн спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Спорттук иш-чаранын негизги максаты жаштардын спорт менен машыгып, дени сак жашоо образын түзүүгө чакыруу, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө жана орто кесиптик окуу жайлардын ортосундагы байланышты чыңдоо болуп эсептелет.

Мелдеш Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында өткөрүлүп, шаардагы колледждерден 10 команда катышты. Мында спорттун улуттук жана классикалык түрүнөн кыздар жана уландар командалары күч сынашышты. Оюндар калыстар тобу тарабынан көзөмөлдөнүп, жыйынтыгында жеңүүчү командаларга аталган университеттин жетекчилиги тарабынан дипломдор жана грамоталар, баалуу белектер тапшырылды. Жалпы командалык эсепте 1-орунга ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин командасы ээ болду.

Волейбол (балдар):

  • 1-орун — ОшМУнун «Колледждер» курама командасы;
  • 2-орун — ОшМУнун Медициналык колледжи;
  • 3-орун — ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжи.
  • Волейбол (кыздар):
  • 1-орун — ОшМУнун «Колледждер» курама командасы;
  • 2-орун — ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжи;
  • 3-орун — ОшМУнун Медициналык колледжи.

Аркан тартыш (кыздар):

  • 1-орун — ОшМПУнун колледжи;
  • 2-орун — ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжи;
  • 3-орун — ОшМУнун Медициналык колледжи.

Аркан тартыш (балдар):

  • 1-орун — ОшМУнун Медициналык колледжи;
  • 2-орун — ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжи;
  • 3-орун — ОшМПУнун колледжи.

Стол тенниси:

  • 1-орун — ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжи;
  • 2-орун — ОшМУнун Медициналык колледжи;
  • 3-орун — ОшМУнун Медициналык колледжи.

Салтка айланган «Мурас» өтмө кубогу бул жолу жалпы командалык эсепте алдыңкы орунду ээлегендиги үчүн ОшМУнун Медициналык колледжине өткөрүлүп берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть