ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору жетектеген делегация Алматы шаарындагы Эл аралык инженердик-технологиялык университетте өтүп жаткан «Университеттик илимдерди өнүктүрүп илим изилдөө уюмдары менен консолидациялоо — инновациялык экономиканы куруу негиздери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Ушул эле күнү тарыхый байланышы терең, жакын мамлекет эле эмес, боордош өлкөдөгү «Кош кел, Нооруз» аттуу эл аралык майрамдык иш-чарага күбө болушту.
Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү жана илим тармагында, академиялык мобилдүүлүк жана эл аралык долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Буга чейин кол коюлган кызматташуу келишимин узартуу боюнча келишимге кол коюшту.
Андан соң Алматы шаарындагы Эл аралык инженердик-технологиялык университетте академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча окуп жаткан Ош технологиялык университетинин студенти Бекболот уулу Кубаныч менен жолугушуп, пикир алышты.