19:37 28 апреля 2023

КМУда «Кыргызстандын жаштары: бүгүн жана эртең» деген темада эл аралык илимий-практикалык форум өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Б Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Борбордук Азиядагы гуманитардык изилдөөлөр Борбору, Борбордук Азиядагы Конрад Аденауэр Фонду менен биргеликте «Кыргызстандын жаштары: бүгүн жана эртең» аттуу эл аралык илимий-практикалык форум уюштурушту.

Ага президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы, Жогорку Кеңештин депутаттары, окумуштуулар, көз карандысыз эксперттер, өлкөдөгү ЖОЖдордун ректорлору, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева жаштар мамлекеттин эң башкы стратегиялык байлыгы экенин айтып, глобалдашуу шартында интернеттин, социалдык тармактардын өсүшү жана жайылышы менен бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да жаштардын талаптары өзгөрүп, дүйнө таанымынын кеңейиши маселенин актуалдуулугун күчөтөрүн билдирди.

Иш-чаранын алкагында тарых илимдеринин доктору, профессор, УИАнын мүчѳ-корреспонденти Ч.Койчуманова, тарых илимдеринин доктору, профессор Н.Усупованын «Кыргызстандын жаштары: бүгүн жана эртең» аттуу темадагы китебинин бет ачары болду. Китептин негизин Кыргызстандын бардык облустарында жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары түзөт.

Ошондой эле «Кыргызстан жаштары бүгүн жана эртең» деген темадагы эң мыкты макалага студенттик сынак жарыяланып, атайын комиссия түзүлүп, сынактын жеңүүчүлөрү аныкталган. Жеңүүчүлөр форумда өз иштерин кѳрсѳтүштү. Аталган сынакта И.Арабаев атындагы КМУнун студенти Айжамал Бактыбекова 2-орунду ээлегендиги үчүн диплом менен сыйланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть