13:13 5 мая 2023

ОшТУда Конституциянын 30 жылдыгына карата лекция өткөрүлдү

ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин «Бизнести башкаруу жана социалдык иш» кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери тарабынан Кыргыз Респбуликасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата «Кыргыз Республикасындагы социалдык кызматкердин укуктук статусу» деген темада лекция өткөрүлдү.

Ош шаардык эмгек жана миграция башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция бөлүмүнүн жетектөөчү адистери Акматова Гулиниса жана Ибрагимова Наргиза студенттерге социалдык кызматкердин Конституциядагы көрсөтүлгөн бардык укуктары жана милдеттери жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти. Кыргыз Республикасынын Конституциясы тууралуу баяндама жасашып, бүгүнкү күндөгү өлкөдөгү адам укугу, мыйзам тууралуу студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть