12:49 5 мая 2023

ОшТУда китеп окуу сынагы уюштурулду

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Интеллект» өнүктүрүү борбору тарабынан ОшТУда бир топ иш-чаралар уюштурулуп, алардын жыйынтыгы катары 4 майда «Тагдырдын мугалими» китебинин негизинде окутуучулар жана студенттер үчүн китеп окуу сынагы өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты окуу жайда билим алып жаткан студенттердин китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, китепти окуу менен бирге аны сактоого болгон мамилесин жакшыртуу болуп эсептелет. Китеп башка маалымат булактарына караганда адамдын кабыл алуусун жакшыртат, дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртөт жана сөзсүз түрдө жакшы жакка өзгөртүүгө түрткү берет.

Ар бир факультеттин студенттери бир команда болуп катышып, бул китепте жазылган окуялар, анын тарбиялык мааниси, адамзатка тийгизген таасири тууралуу суроолор берилди. Калыстар тобунун баалоосу менен 1-орунга архитектура жана курулуш факультетинин «Жийде» командасы, 2-орунга экономика жана башкаруу факультетинин «Нур» командасы, 3-орунга табигый-техникалык факультетинин «Нур-Көпүрө» командасы ээ болушту. Жеңүүчү командалар уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть