12:21 5 мая 2023

ОшТУнун окутуучулары менен студенттери Урал мамлекеттик экономикалык университетине барышты

ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери жаштардын «Многополярный мир в фокусе новой действительности» деп аталган Евразия экономикалык форумуна катышты.

Аталган иш-чара 2010-жылдан бери Россиянын Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик экономикалык университетинде жыл сайын өткөрүлүп келет. ОшТУдан барган топ «Экономикалык коопсуздук жаштардын көзү менен: дүйнөлүк жана россиялык тажрыйба» секциясында жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-изилдөө иштеринин эл аралык сынагынын ардактуу мейманы жана эксперти катары катышты.

Форумдун конгресстеринин алкагында ЖОЖдордун ректорлорунун жолугушуусу, ачык лекциялар, мастер-класстар, форумдун салтанаттуу ачылышы, пленардык жыйын, дүйнө жүзү боюнча маданият фестивалы, финалдык сынактар, эл аралык олимпиадалар, тез шахмат боюнча турнирлер, тегерек столдор өткөрүлдү.

Иш-чарага дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн өкүлдөр катышты. Евразия экономикалык жаштар форуму — жаштардын илимде, долбоордук ишмердүүлүктө жана ишкердүүлүктө карьералык жана жеке өсүшү үчүн, чыгармачылык потенциалды ишке ашыруу үчүн старттык аянтча.

ЕЭФМ — улуттук жана дүйнөлүк экономиканын актуалдуу багыттары боюнча дискуссиялар үчүн платформа. ЕЭФМ — бул тажрыйбалуу эксперттердин колдоосу менен жаштардын идеяларын жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн кубаттуу ресурс. Форумдун миссиясы — евразиялык интеграция максатында интеллектуалдык жаштарды бириктирүү, Екатеринбургда евразиялык интеграциянын жаштар борборун түзүү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть