17:58 4 мая 2023

БМУда Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетүүдө кыргыз элинин кошкон салымына арналган иш-чара өткөрүлдү

4-майда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана Б.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин биргеликте уюштуруусунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага БМУнун мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштери боюнча проректору А.Сатиев, окутуучулар, студенттер жана УрФУнун эксперттик аналитикалык бөлүмүнүн директорунун орун басары С.А.Новопашин жана УрФУда магистратура багытында билим алып жаткан мекендештер катышты.

Иш-чаранын максаты Кыргызстандын жарандарынын Экинчи дүйнөлүк согуштагы эрдиктери тууралуу тарыхый эс-тутумду сактоо, жаштардын арасында ата-бабалардын эрдиктери үчүн сыймыктануу жана ыраазычылык сезимин калыптандыруу жана Кыргызстандын фашизмди жеңүүгө кошкон салымы тууралуу жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу болду.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта кыргыздардын эрдигине арналган чакан видеотасманы көрсөтүү менен башталды. Андан соң Кыргызстандын УрФУда билим алып жаткан магистранттары Кыргызстандын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке кошкон салымы тууралуу лекция окушту. Магистранттар ошондой эле Урал федералдык университети тарабынан даярдалган Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу китептин бет ачарын өткөрүштү, анда фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө өз мекенин баатырларча коргогон кыргыздар тууралуу баяндалат. Иш-чаранын алкагында «Биздин жалпы жеңишибиз» викторинасы өткөрүлүп, анын катышуучулары БМУнун студенттери болушту. Викторинанын жеңүүчүлөрү китептер жана сувенирлер менен сыйланышты.

Иш-чара БМУнун окутуучулары, студенттери жана УрФУнун магистранттары тарабынан генерал И.В.Панфиловдун эстелигине жолугушуу-реквиеми жана гүл коюу аземи менен аяктады.

БМУнун ректору А.Мусаев 9-май Кыргызстан менен Россиянын гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү эң маанилүү майрамдардын бири экенин белгиледи. «БМУда жыл сайын Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлүп турат. Быйыл да Жеңиш күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чаралардан четте калбай, ар бир факультетте өткөрүлүп жатат. Ал эми Урал федералдык университети — биздин көп жылдык жана ишенимдүү өнөктөшүбүз, алар менен жемиштүү кызматташып, биргелешкен иш-чараларды өткөрүп келебиз. Бүгүнкү биргелешкен иш-чаранын алкагында биз үчүн биринчи кезекте өсүп келе жаткан муундарга «фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө» өз Ата Мекенин сактоодо жана коргоодо мекен үчүн жанын берген кыргыз элинин ысымдарын даңктоо салттарын өткөрүп берүү маанилүү», - деди ал.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть