12:16 5 мая 2023

ОшМПУда «Кыргыз Республикасынын Конституциясы — өлкөнүн негизги мыйзамы» аталышында илимий конференция өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы — өлкөнүн негизги мыйзамы» аталышында илимий конференция болуп өттү.

Иш-чарага легендарлуу парламенттин депутаты, профессор Балтагул Нурунбетов, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнист Толтоев баштаган өкүлдөр, ЖОЖдордун окутуучулары, тарыхчылары жана студенттер катышты.

Конференцияны университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып, катышуучуларды 5-май — эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Конституциясынын кабыл алынган кунү менен куттуктады. Ошондой эле иш-чаранын коноктору тарабынан да куттуктоо сөздөрү айтылып, Конституциянын маани-маңызы боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү.

Иш-чара пленардык жыйын менен уланып, мында Конституциянын кабыл алынышы, тарыхый аспектилери, өзгөчөлүктөрү жана конституциялык көзөмөл боюнча баяндамалар жасалды. Ошондой эле Конституциянын 30 жылдык тарыхында болгон олуттуу өзгөрүүлөр, анын кыргыз эли үчүн ролу тууралуу орчундуу пикирлер айтылды.

Аталган илимий конференция Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алыгандыгынын 30 жылдыгына карата КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана ОшМПУнун тарых кафедрасы менен биргеликте өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть