17:29 12 мая 2023

ОшТУда «Жаш дизайнер» мода-көргөзмө сынагы өткөрүлдү

ОшТУда жеңил өнөр жай багытында билим алып жаткан студенттердин ортосунда мода-көргөзмө өткөрүлүп, бул иш-чарага кийимдер коллекциясы менен жаш дизайнерлер катышты.

Жаштарды кооздукту, сулуулукту баалоого үйрөтүү, өз кесибинин мыкты адиси болууга үгүттөө максатында уюштурулган иш-чарага технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жана «Жеңил өнөр жай технологиясы» кафедрасынын жалпы жамааты, бул багытта билим алып жаткан студенттер, сырттан чакырылган коноктор катышты.

Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканынын милдетин аткаруучу З.Тешебаева жеңил өнөр жай технологиясы багытынын учурдагы эл арасындагы ордун белгилеп, улуттук маданиятты сактоодо элдик каада-салттын үлгүсү катары мааниси өзгөчө экендигин айтты.

Сахнада студенттердин колдорунан жаралган кийимдер коллекциясы коюлуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.

Сынактын жыйынтыгында баш байгеге «Кийиз керемети» этно-стилиндеги кийимдер коллекциясы менен ТШИ-20 тайпасынын студенттери ээ болду.

  • 1-орун — «Ак куу» той көйнөктөрү коллекциясы менен Русланбек кызы Айтумар, ДО-19;
  • 2-орун — «Азем» этно-стилиндеги кийимдер коллекциясы менен Маматова Айсулуу, ДО-19;
  • 3-орун — «Сезим ыргактары» этно-стилиндеги кийимдер коллекциясы менен Асанова Жылдыз, ТШИ-20;
  • 3-орун — «Көпөлөк» кийимдер коллекциясы менен Орунбекова Айгерим, ДО-22.
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть