17:48 12 мая 2023

КМУнун Япон таануу институтунун филиалы ЫМУ жана ТалМУда ачылат

10-12-майда И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Япон таануу институтунун директору Айбек Самаров жана Япон таануу институтунун камкордук кеңешинин төрагасы Ёцухаши Мичинори К.Тыныстанов атындагы ЫМУга жана Талас мамлекеттик университетине иш сапары менен барышты.

Апрель айында КМУнун ректору Айгүл Абдраева Талас мамлекеттик университетинин ректору Самат Жумалиев жана К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ага ылайык, иш сапардын жүрүшүндө КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу ЫМУнун жана ТалМУнун базасында И.Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институтунун филиалын түзүү боюнча келишимге эки университеттин ректорлору менен кол коюшту.

Жолугушууда эки тараптуу билим берүү, кадрларды даярдоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери талкууланды. Анда ЖОЖдордун ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын өнүктүрүү жагынан академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу маселелери да бар.

Ошондой эле К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жана ТалМУнун базасында Кыргыз-Япон билим берүү борборун ачууга даярдыктар көрүлүүдө. Окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу окуу жайлардагы бул багытта бөлүнгөн дарскана жана тиешелүү жабдыктар менен таанышып келди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть