20:52 12 мая 2023

ОшМУда Келдибай Алымкулов атындагы илимий-изилдөө борбору ачылды

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Келдибай Алымкулов атындагы илимий-изилдөө борбору ОшМУда ачылды.

Иш-чара окумуштуу, педагог, насаатчы Келдибай Алымкуловдун 80 жылдык эскерүү мааракесине арналган  «Математиканын актуалдуу маселелери жана билим берүү» аталышындагы  эл аралык илимий конференциянын алкагында өттү.

Келдибай Алымкулов атындыга илимий-изилдөө борборунун ачылышына ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, Россия, Казакстан, Өзбекстандан келген белгилүү окумуштуулар катышты.

Аталган борбордо окумуштуу, дифференциялдык теңдемелер теориясында өзүнүн мектебин негиздеген насаатчы, педагог Келдибай Алымкуловдун өмүр бою жыйнаган математика илимине арналган сейрек кездешүүчү чет өлкөлүк окумуштуулардын чет тилдердеги, өзүнүн илимий-изилдөөлөрүндө пайдаланылган орус, кыргыз тилдериндеги эмгектери, чет өлкөлүк илимий журналдарга жарыяланган илимий-изилдөөлөрү коюлган. Борбор акыркы заманбап үлгүдөгү техникалык каражаттар менен камсыздалган.

«Агай өмүр бою дүйнө жыйбай, билим жыйнаган, шакирттерди тарбиялаган, интернет аркылуу, өзү конференцияга барганда чет тилдериндеги математика илимине тиешелүү китептерди жыйнап, өзүнүн илим алуусун өмүр бою улантып келген. Бул илимий борбордо агайдын колдонгон китептери, изилдөөлөрү коюлду, бул жерден студенттер, магистранттар, аспиранттар, окумуштуулар окуп, илимий-изилдөө иштеринде пайдаланса деген максатта ачылды», - дейт алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы Толкун Папиева.

Келдибай Алымкулов — ОшМУга, Кыргызстанга илимий кадрларды даярдоодо өзүнүн салымын кошкон окумуштуу, анын жетекчилигинде 2 илимдин доктору, 9 илимдин кандидаты илимий иштерин ийгиликтүү коргогон. 150дөн ашуун илимий макалалардын жана монографиялардын автору. 2008-жылы ОшМУнун алдында 01.01.02 – дифференциялдык теңдемелер жана 01.01.04 – геометрия жана топология адистиктери боюнча илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациялык кеңешти ачып, 2015-жылга чейин жетектеп келген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть