15:27 16 мая 2023

ИИМдин Академиясында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди жана курсанттарды эскеришти

15-майда ИИМдин Академиясында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди жана курсанттарды эскерүү митинг-реквиеми өткөрүлдү.

Иш-чара жаңыланган «Даңк» мемориалын ачуу менен башталды. Ага курман болгондордун ата-энелери, бир туугандары, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышышты.

Өз сөзүндө окуу жайдын башчысы, милициянын генерал-майору Т.Абитов: «Мекен үчүн жанын аябаган эр-азаматтарыбызды эч качан унутпайбыз, жаркын элестери дайыма биздин жүрөгүбүздө. Аларды төрөп-өстүргөн жана тарбиясын берген ата-энелерине терең ыраазычылык билдирем. Баатырларыбыз өсүп келе жаткан муунга үлгү болуп калышты, ысымдары ар дайым даңазаланып турат», - деди.

Андан соң курман болгондорго багышталып куран окутулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть