17:15 16 мая 2023

«ОшМПУ периси – 2023» аныкталды

Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониясында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «ОшМПУ периси – 2023» кароо-сынагы өткөрүлдү.

Иш-чара жаштардын эстетикалык табитин арттыруу максатында окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, сынакка ар бир факультеттен бирден тандалып алынган 6 кыз катышты. Алар жобого ылайык, «Саламдашуу», «Акыл карачач», «Таланттуу пери» жана «Стилдүү пери» аттуу 4 турдун негизинде өз таланттарын көрсөтүштү. Катышуучулар чыгармачылык менен саламдашып, билим деңгээлин баалаган суроолорго жооп берип, жеке өнөрлөрүн тартуулап жана стилдүү кийинип басуу чеберчилигин көрсөтүү менен ар бир номерге өзгөчө даярдыкта катышышты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 3-орунду колледж бөлүмүнүн студенти Адинай Абдырахман кызы ээлеп, «Ийкемдүү пери» жана «ОшМПУ Инстаграм жылдызы – 2023» номинациясы менен сыйланды. 2-орунду Кыргыз-Россия факультетинин студенти Айзат Келдибаева камсыздап, «ОшМПУ таланттуу периси – 2023» номинациясына ээ болду.  Ал эми 1-орунду музыкалык-педагогикалык факультетинин студенти Жасмина Садырбаева багындырып, «ОшМПУ периси – 2023» деп табылды.

Байгелүү орундарга ээ болгон перилерге уюштуруу тобу тарабынан дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Ал эми жеңүүчүгө Ташкент шаарына жана «Ош периси-2023» сынагына катышууга жолдомо берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть