17:20 16 мая 2023

ОшМПУда Ош шаарындагы окуу жайлардын кызматкерлеринин жазгы спартакиадасы өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош шаарындагы окуу жайлардын кызматкерлеринин жазгы спартакиадасы болуп өттү.

Саамалык Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети тарабынан уюштурулуп, ага 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер катышышты. Спорттун волейбол, шахмат, стол тенниси, ордо, тогуз коргоол, кичи футбол жана стритбол деп аталган жалпы 7 түрү боюнча мелдеш жүрүп, катышуучу командалар өзгөчө формада жана мыкты даярдыкта оюн көрсөтүштү. Ар бир оюндун түрүнө жараша тийиштүү окуу жайларга бөлүнүшүп, жобого ылайык, калыстардын көзөмөлүндө убакытты жана эрежелерди сактап, кызуу мелдеш курушту.

Аталган иш-чара билим, илим кызматкерлеринин арасында спортту өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо жана республикалык спартакиадага катышуу үчүн облустун курама командасына тандоо максатында быйыл 5-ирет облустук деңгээлде өткөрүлдү.

Жыйынтыгында байгелүү орунга чыккан командалар жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар уюштуруу тобу тарабынан диплом, кубок жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть