Ош технологиялык университетине КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Орозобекова Жылдыз, аталган комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору Маражапова Нуржан жана түштүк бөлүмүнүн бөлүм башчысы Тилекманова Алмагүл келишти.
Окуу жайдын мамлекеттик тил проректору п.и.д., профессор Зулпуев Ашим конокторду тосуп алып, жамаат менен биргеликте билим берүүдө мамлекеттик тилдин колдонулушу, анын адабий тилдик нормадан чыкпашы тууралуу талкууланды. Адистик предметтерди окутууда адистик терминдерди эне тилге которуп же которбой колдонуу тууралуу пикир алышып, ушул жаатта бул системада көйгөйлөр бар экенине токтолушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ош технологиялык университети техникалык окуу жай болгондугуна байланыштуу техникалык терминдер менен иштөө үчүн 8 кишиден турган жумушчу топ түзүлүп, Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору менен биргеликте иштөөгө макулдашылды.