17:11 20 мая 2023

ОшТУнун «Интеллект» өнүктүрүү борбору жыл жыйынтыгын чыгарды

ОшТУнун «Интеллект» өнүктүрүү борборунун жыл жыйынтыгы чыгарылып, жыйналыш өткөрүлдү.

Иш-чарага борбордун аткарган иштеринде көмөк көрсөткөн ыктыярчылар, жаштардын жакшы жакка өнүгүшүнө таасир этүүдө кеп-кеңештерин берип келген тренерлер, студенттер жана NAMA фондунун (Малайзия) өкүлдөрү катышышты.

Аталган борбордун бир жыл ичиндеги аткарган иштери тууралуу кеңири маалыматтар берилип, келечекте дагы студенттер үчүн көптөгөн жакшы жумуштар жасала тургандыгы айтылды. Жыйындын жүрүшүндө NAMA фондунун өкүлдөрүнүн демөөрчүлүгү менен активдүү жаштарга белектер тапшырылды. Мындан сырткары, борбордун жалпы 80 бүтүрүүчүсүнө сертификаттар ыйгарылып, ыраазычылык баракча тапшырылды.

Студенттердин, жаштардын башын бириктирип, аларды окуу менен биргеликте ар тараптуу өнүгүүлөрүнө багыт берүү максатында ачылган бул борбор 2018-жылдан бери иштеп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть