17:42 20 мая 2023

Абдыкерим Муратовго ОшМПунун «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратовго ОшМПунун «Ардактуу профессору» наамын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чараны университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, ал профессордун өчпөс эмгектери, коомдогу, окуу жайдагы жана үй бүлөдөгү орду тууралуу кеп козгоп, өздүк майрамына катарлаш ыкластуу каалоо-тилектерин билдирди. Аны улай ОшМПУнун «Ардактуу профессору» деген наамды жамааттын коштоосунда ыйгарды.

Андан соң профессор-окутуучулар жана студенттер жамаатына лекция окуп, мында элдик педагогика, кыргыздын нукура билимдери, «Манас» эпосу тууралуу эл арасында түбөлүккө пайдаланууга кажет болгон түшүнүктөрдү айтты. Кыргыз элинин көрөңгөлүү адабиятын, улуттук мурастарын сактоо менен келечек муунга татыктуу калтыруу абзел экендигин белгиледи.

Бул менен бирге Абдыкерим Муратовдун замандаштары, жакын саналааштары, шакирттери куттуктоо сөзүнө чыгып, агайдын кубанычына ортоктош болуу менен изги тилектерин билдиришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть