17:46 20 мая 2023

Суициддин алдын алуу чаралары тегерек столдо талкууланды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Суициддин алдын алуунун ыкмалары жана тиешелүү факторлору» аталышында республикалык тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара окуу жайдын гуманитардык факультетинин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага социалдык чөйрөнүн адистери, ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери катышты.

Тегерек столду университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып, учурдун урунттуу көйгөйү болгон суицид боюнча өз баамдоолорун айтып, жаштарды ар бир жагдайга чыдамдуу болуп, жаркын жашоого ар дайым мүмкүн экенин белгиледи.

Иш-чараны тегерек столдун баяндамачылары улап, алар эвтаназия, суициддик нраванын социалдык, психологиялык көйгөйлөрү, суициддин келип чыгуу факторлору жана анын алдын алуу боюнча өз макалаларын окуп беришти. Мындан сырткары, дал ушул тармакта жүргүзүлгөн экспертизалар көрсөтүлүп, статистикалык маалыматтар айтылды.

Соңунда катышуучулардын ортосунда талкуу жаралып, бир канча суроолор узатылып, тийиштүү адистер тарабынан жооптор алынды. Мында жарандарды өз жанын кыюудан оолактатуу, аларга психологиялык жактан колдоо көрсөтүү маселелери козголду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть