17:49 20 мая 2023

ОшМПУнун күнүнө карата окутуучулар сыйланды

18-май — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин күнүн белгилөө менен бирге окуу жайдын окутуучуларын жана кызматкерлерин сыйлоо аземи уюштурулду.

Саамалыкка университеттин профессордук-окутуучулар курамы, жалпы кызматкерлери катышып, аны окуу иштери боюнча проректор Каныбек Раимбеков ачып берди. Ал өз сөзүндө окуу жайды өнүктүрүүгө багытталган пландарды, окутуучулардын жетишкендиктерин жана аларга болгон жаңы талаптарды айтып өттү.

Аны улай жыл ичинде окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошуп, студенттерге билим берүүдө жигердүү эмгектенген окутуучулар жана өз ишин мыкты аткарган кызматкерлер ОшМПУнун, Ош шаардык мэриясынын ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Бул менен катар республикалык, эл аралык деңгээлде ийгилик жараткан, илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн окумуштууларга да өзгөчө сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлоо аземинен соң музыкалык-педагогикалык факультетинин таланттары чакан концерттик программасын тартуулашып, жагымдуу чыгармаларды аткарышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть