17:53 20 мая 2023

ОшМПУнун филологдору терминологиянын абалы жөнүндө маалымат алышты

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Учурдагы терминологиянын абалы жана эксперттерди түзүү» аталышында жыйналыш болуп өттү.

Иш-чара КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштулуруп, ага университеттин жана колледждин мамлекеттик тил кафедрасынын мүчөлөрү, дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучулары жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаат катышты.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова, Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору, башкы редактор Нуржан Маражапова ар бир окуу жайга учурдагы терминологиянын абалы жана эксперттик топторду түзүү, алардын иши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында иш сапары менен келгендигин билдиришти.

Мында коноктор бирдейлештирилген сөздөрдү туура жайылтуу, тактоону талап кылган терминдер, тилдеги түрдүү ой пикирлерди жараткан сөздөрдүн этимологиясы, тилдин тагдыры, кыргыз тилинин мааниси боюнча кеңири маалымат беришти. Ошондой эле бөлүмдүн адистери тарабынан окутуучуларга кыргыз «Википедиясы», «Эл сөздүк» сайтына макалаларды жазуу, ар бир адис өзүнүн адистиги боюнча тилдик терминологияларды түзүү жана энциклопедиялык эмгектерди жаратуу сыяктуу сунуштары менен бөлүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть