2023-жылдын 19-майында Спорт ордосунда «Досум бол» аттуу руханий кече өткөн.Ага ИИМдин Академиясынын кызматкерлери, курсанттары жана студенттери катышты.
Иш-чараны ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык-тарбиялык иштер боюнча бөлүмчөсү президент С.Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында уюштурган.
Руханий кечеде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов катышуучуларга акыл-насаатын айтты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти Жеңишбек Жумакадыр жана коомдук ишмер, жазуучу Мамбетасан Ибраев да катышты.