17:06 23 мая 2023

Манасчы Рысбай Исаков ИИМдин Академиясында болду

Үстүбүздөгү жылдын 22-майында КР президентинин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы — «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгынын жана Министрлер кабинетинин «Манас» эпосун изилдөө жана жайылтуу боюнча концепциясынын талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк «Гиннесстин рекорддор китебине» катталган рекордчу, акын жана манасчы Рысбай Исаков менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чарага ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери катышып, кызыктырган суроолоруна жооп алып, «Манас» эпосу жана манасчылык өнөр тууралуу маалыматтарды манасчыдан уга алышты.

Ал эми Рысбай Исаков кантип манасчы болуп калганын, кандай сынактардан өткөнүн жана «Гиннесстин рекорддор китебине» катталууга жасаган аракетинин максатын, андагы жоопкерчиликти, талаптарын айтып берди. Ошондой эле студенттердин жана курсанттардын суроолору боюнча «Манас» эпосунан үзүндү дагы айтып өттү.

Жолугушуунун соңунда «Тилге даярдык» кафедрасынын башчысы, милициянын майору Каниет Шүкүров канчалаган жылдардан бери ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана студенттерине «Манас» эпосунунун баалуулугун айтып, жаш муундун жан дүйнөсүн, акыл казынасын байытууга кошуп келе жаткан салымын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть