12:04 25 мая 2023

ОшТУда онлайн эл аралык семинар өткөрүлдү

Россия Федерациясынын Кабардино-Балкар мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Индонезиянын Ислам университеттик колледжи, Донецк улуттук экономика жана соода университети катышкан «Азыркы шарттарда экономиканын жана укуктун актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Аталган конференция онлайн форматта болуп, бул иш-чарага Россиянын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Белоруссиянын, Индонезиянын, Малайзиянын окумуштуулары катышты. Мында ааламдашуу доорунун шарттарында дүйнөлүк экономикада болуп жаткан өзгөрүүлөр, көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн укуктук-экономикалык аспектилерин талдоого алынды. Конференцияда ОшТУнун «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Абдиев Мурат Журатович «Экономикалык интеграция шартында Кыргыз Республикасынын айыл-чарбасынын кайра өндүрүмдүүлүгүнүн натыйжалуулугу» аттуу темада пленардык отурумда баяндама жасады. Кийинки бөлүгүндө секциялык отурумда илимий баяндамалар менен жаш окумуштуулар өздөрүнүн илимий баяндамаларын окушту. Жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар берилип, илимий жыйнак чыгат.

Ош технологиялык университети менен Кабардино-Балкар мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүлүп, жол картасы аныкталган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть