Ош технологиялык университетинде ИИжКББ бөлүмүнүн “ГринВУЗ” долбоорунун алкагында “Кыргыз Республикасында таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу” деп аталган семинар өткөрүлдү.
Семинарга ОшТУнун кафедраларындыгы илимий иштер боюнча жоопкер кызматкерлер катышышты. Семинардын негизги максаты ОшТУнун имиджин ар тараптан жогорулатуу менен бирге түштүк жергесиндеги биринчилерден болуп таштандыларды чогултуп жана кайра иштетүү системасын түзгөн, экологиялык сертификатка ээ университеттердин катарына кирүү. Семинарда аягында адистер тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын жана окутуучулардын сунуштарын эске алуу менен экологиялык сертификаттын талаптарына жооп берүү үчүн биргеликте план түзүлдү.