25-май күнү Ош технологиялык университетинин кесиптик уюмунун төрайымы Б.Тиленбаева жетектеген делегация курамы Мырза-Аке айылында жайгашкан Марат Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын мектебиндеги акыркы коңгуроо салтанатына катышты.
Тарбияланып жаткан балдардан кабар алып, 40 миң сом акчалай жардам көрсөтүштү жана университеттин белектерин тапшырышты.