13:47 29 мая 2023

ОшТУда Китепкана күнү белгиленди

ОшТУнун китепканачылар жамааты тарабынан 27-май – Китепкана күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага университеттин проректорлору, китепкана жамааты жана студенттер катышты. Китепкананын директору Курбанбай кызы Акмангүл конокторду майрамы менен куттуктап, кечени ачып берди. Проректорлор китепканачыларды майрамы менен куттуктап, ректордун атынан ардак грамота тапшырылды. Ошондой эле университеттин профсоюз уюму тарабынан акчалай белек берилди. Студенттер майрамдык ыр-бий аткарып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.

Окуу жайдын китепканасында университеттеги бардык адистиктерге тиешелүү болгон ар кайсы багыттагы миллиондон ашык китептер бар. Мындан сырткары, 2010-жылы университет жетекчилиги тарабынан жер бөлүнүп, чоң китепкана салынган. Мында университеттеги бардык китептер жайгаштырылып, окуу залдары, электрондук окуу залы, окутуучулар үчүн атайын каана жана башка китепканага тиешелүү бардык шарттар түзүлгөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть