16:42 30 мая 2023

ОшТУнун окутуучулары эл аралык симпозиумга катышты

ESAUD - 2023 архитектура, урбанистика жана дизайндын биринчи Евразиялык симпозиумуна ОшТУнун окутуучулары катышып келишти.

Мында архитектурадагы, курулуш багытындагы жаңы, заманбап технологиялардын пайда болушу, алардын адамзат коомунун өнүгүшүнө тийгизген таасири тууралуу кеңири маалыматтар айтылды. Ошондой эле курулуш жана архитектуралык дизайн багытына тиешелүү болгон бир топ илимий долбоорлордун ишке ашырылышы, аларды өндүрүшкө киргизүү, пайдалануу, билим берүү жана кадр даярдоодо эл аралык стандартка ылайык келүүсү тууралуу кеңири талкуу болду.

Симпозиумдун жыйынтыгы менен ар бир катышуучуга сертификаттар берилди. ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаевге симпозиумдун жыйынтыгы менен диплом жана атайын төш белги тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть