18:16 31 мая 2023

ОшМПУнун окутуучусу Мурзаш Жумабаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди

27-май күнү Ош мамлекеттик педагогкиалык университетинин ардактуу окутуучусу, үлгүлүү устаты Мурзаш Жумабаевдин 70 жылдык юбилейи болуп өттү.

Мааракеге юбилярдын үй-бүлөсү, бир туугандары, жакын санаалаштары жана окуу жайдагы кесиптештери катышты. Мында Мурзаш Жумабаевдин өмүр таржымалын, эмгек жолун чагылдырган документалдуу тасма көрсөтүлүп, аны улай куттуктоолор жана каалоо-тилектер айтылып, ар бир жамаат тарабынан өзгөчө белектер тартууланды.

Катарда ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук курам агайдын университеттеги орду чоң, билим берүүгө кошкон салымы зор жана жамааттын арасындагы кадыр-баркы бийик экенин баса белгилешип, Мурзаш Жумабаевдин 70 жылдык мааракеси менен куттукташты.

Мааракени улай чыгармалар аткарылып, сый үстүндө жыйынтыкталды.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ардактуу окутуучусу Мурзаш Жумабаев 1952-жылы 15-августта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында жарык дүйнөгө келген.

Каарман 9 бир туугандын улуусу, атасы Жумабай Абдиев советтик партиялык кызматкер жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болуп, райондогу аткаруу комитетинде жооптуу катчы кызматында эмгектенген. Ал эми апасы Турганбү Аттокурова үй кожойкеси болгон. Ата-энеси балдарын эрте жашынан билим алууга үндөп, алгач эле Мурзаш Жумабаев айылдагы Макаренко мектебине барган. Орто мектепти 1969-жылы аяктаган соң, ошол кездеги Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене маданияты институтуна тапшырган. 1974-жылы институтту ийгиликүү бүтүрүп, Гүлчөдөгү Макаренко мектебинен эмгек жолун баштаган. 10 жылдай орто мектептерде иштеп, өзүнө жеткиликтүү тажрыйба арттырган соң, 1984-жылы Ош педагогикалык окуу жайынан эмгек жолун улантып, учурга чейин окутуучу, бөлүм башчы, декандык кызматтарда үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

Мурзаш Жумабаев жубайы Фатима Шаршеналиева менен 50 жылдан бери бирге түтүн буалтып, алар бирге 1 уул, 1 кызды тарбиялап-өстүрүшкөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть