Ректор Ж.Турсунбаевге Кыргыз Республикасынын аялдар кеңешинин «Мээримдүүлүк» төш белгиси тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын аялдар кеңешинин төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 3-май — Тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада тапшырды.
А.Алтыбаева жаштарды тарбиялоодо өзгөчө эмгекти талап кылган жогорку окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирүү менен мындан ары биргеликте өлкөбүздүн келечеги үчүн көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу керек экендигин белгилеп өттү.