18:57 2 июня 2023

Депутат Айнуру Алтыбаева ОшТУда болду

Кыргыз Республикасынын аялдар кеңешинин бирикмеси, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Ош технологиялык университетинин аялдар кеңешинин уюштуруусу менен ОшТУда 31-май – Тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын аялдар кеңешинин төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Алтыбаева АйнуруТойчиевна, БУУнун бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү, Ош облустук жана Ош шаардык аялдар кеңешинин төрайымдары, ОшТУнун аялдар жамааты катышышты. А. Т. Алтыбаева баштаган топту ректор Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, өлкөбүздүн келечеги үчүн биздин университет менен биргеликте жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан бүгүнкү күндөгү дени-сак улутту тарбиялоо, азыркы муундун келечекке карай татыктуу тарбиялоо, тамак-аш азыктары жана экологиялык маселелердин алдын-алып, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу маалыматтар айтылды.

Коомдо, адамдар арасында, айрыкча жаштар арасында дени-сак, сергек жашоону жайылтып, улутубуздун келечегине кам көрүү бүгүнкү күндө ар бирибиздин милдетибиз. Акыркы учурлардагы бүткүл адамзаты биргелешип чече турган дүйнөлүк экологиялык маселелердин пайда болушу биздин мамлекетибизде да бардыгыбыздан туура жашоону талап кылып жаткан кез. Ошондуктан, айрыкча, билим жана тарбия багытындагы адистер үчүн өзгөчө кылдаттыкты талап кылат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть