18:56 2 июня 2023

ОшТУнун Корей тили борбору бүтүрүүчүлөрдү узатты

Сежоң корей тил борборунда 1-семестрдин (жазгы) бүтүрүү аземи өткөрүлдү. Бул семестрге катталган 272 студенттин арасынан 222 студент экзаменди ийгиликтүү тапшырып, курсту бүтүргөндүгү тууралуу сертификатка ээ болушту. Ошондой эле ар бир группа боюнча мыкты окуган студенттерге мактоо баракчалары, сабактарга толук катышкан студенттерге артыкчылык баракчалары жана белектер тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшү мугалимдер жана студенттер тарабынан даярдалган ыр-бийлер менен коштолду.

Аталган иш-чарага ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев катышып, студенттерди корей тил курсун ийгиликтүү бүтүрүшү менен куттуктады.

Сежоң корей тил борборунда жылына эки жолу, жазгы жана күзгү семестрге жаңы студенттер кабыл алынат. Жайкы эс алуу учурунда да каалоочу студенттер үчүн экзамендерге даярдоо атайын курстар жана лагерь өткөрүлөт. Ал эми күзгү семестрге жаңы студент, окуучуларды кабыл алуу иштери август айында жүргүзүлмөкчү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть