13:30 1 июня 2023

ОшТУ Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) менен кызматташуусун кеңейтүүдө

31-майда Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Ж. Турсунбаев Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Борбордук Азиядагы экономикалык өсүш секторлору үчүн кесиптик билим берүү долбоору боюнча жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча кеңешчиси Зарина Оморова менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган уюм ОшТУнун илимий-изилдөө жана сырткы байланыштарын өнүктүрүүдө маанилүү өнөктөштөрдүн бири. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биздин университетте жүрүп жаткан жана жаңыдан башталган долбоорлор боюнча кеңири талкуу болуп, алдыдагы келечек пландар тууралуу макулдашышты.

Учурда биздин окуу жайда Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) төрт долбоору ишке баштады. Алар «Борбордук Азиядагы экономикалык өсүү секторлору үчүн кесиптик билим берүү», “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорлорунун алкагында жүрүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть