18:48 2 июня 2023

ИИМдин Академиясында криминалистика боюнча «Брейн-ринг» өттү

2023-жылдын 1-июнунда КРнын ИИМдин Академиясынын криминалистика жана маалыматтык технологиялар кафедрасы интелектуалдык таанып-билүүчүлүк «Брейн-ринг» оюнун уюштурду.

Ага окуу жайдын 3-курсунун курсанттары жана студенттеринен турган 10 топ катышты.

Турнирдин жыйынтыгында 34-тайпанын студенттери 1-орунду, 33-тайпанын курсанттары 2-орунду, үчүнчү орунду 35-группанын курсанттары ээлешти.

Жеңүүчүлөргө криминалистика жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын башчысы милициянын полковниги К.Ш.Эркинбаев эстеликке белектерди тапшырды.

Болуп өткөн билим таймашында катышуучулар интелектуалдык дараметин ачууга жана чектелүү убакыттын ичинде биримдик менен жөнгө салуу жөндөмдөрүн өздөштүрүүнү үйрөнө алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть