“Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү” долбоорунун жүрүшү менен таанышуу үчүн ОшТУга Дүйнөлүк банктын эл аралык эксперттер менен потенциалды өнүктүрүү жана өндүрүштүк өнөктөштүк боюнча адис Дэвид Лаг жана экология боюнча адис Лулва Али иш сапар менен келишти. Иш сапардын алкагында кафедрада аткарылып жаткан долбоорлодун жүрүшү менен таанышып чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгында мындан ары дагы адамзат жашоосу үчүн пайдалуу долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу тууралуу макулдашылды.
АРИС жана ККА тарабынан ишке ашырылып жаткан Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында, КР ЭФФ жана КР МФКК колдоосу астында «Ош облусунун жана Ош шаарынын 2021-2026-жылдарга региондук экономикалык өнүгүүсү» 1.2 компонентинин алкагында ОшТУнун "Айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы" кафедрасынын окуу лабораториялык базасын ХАССП азык-түлүк коопсуздугунун эрежелерине ылайык заманбап технологияларына ылайык жаңылоо иштери 2024-жылы аяктайт.
Айыл-чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы – бул бүтүрүүчүгө өзүнүн билимин жана көндүмдөрүн ар кандай кайра иштетүү жана тамак-аш ишканаларында, ошондой эле толук өндүрүш цикли жана соода тармагы бар ишканаларда колдонууга дээрлик чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачкан жаңы келечектүү адистик.