18:44 2 июня 2023

ОшМПУда эл акыны Кожогелди Култегиндин жолугушуу ыр кечеси болуп өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде КР Эл акыны Кожогелди Култегиндин жолугушуу ыр кечеси болуп өттү.

Иш-чарада акындын “Адамдар чекиттердин жарымындай” китебинин таанытымы уюштурулуп, ага окуу жайдын студенттер жана окуучулары жамааты катышты.

Жолугушууну алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып, акындын ыр жазуу стили, козгогон темалары, поэзия дүйнөсүндөгү орду өзгөчө экенин айтып, катарда “Мугалим кыз” ыры аркылуу мугалимдик кесиптин барктуулугу чагылдырылганын баса белгиледи.

Аны улай Кожогелди Култегин күйөрмандарына калеминен жаралган жаңы ырларын окуп берип, окурмандарынын кызыктуу суроолоруна четтен жооп берди. Бул менен бирге студенттер акындын ыр саптарын көркөм окуп, окуу жайдын таланттары акындын обондуу ырларынан жандуу аткарышып, жаңы жараткан обондорун да тартуулашты.

Соңунда Кожогелди Култегин окуу жайдын жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын билдирди: “Кылымдын ыйык окуу жайга конок болгонума кубанычтамын. Бүгүнкү кечени өзгөчө жоопкерчилик менен уюштурганыңар үчүн ыраазычылык билдирем. Ар бир аткарылган номерлер, мага берилген суроолор менин купулума абдан толуп, өзүмө чоң эргүү алдым”.

Андан соң акын жолугушууну өз деңгээлинде мыкты уюштурууга салым кошкон жана чыгармаларынын өзгөчө күйөрмандарына "Чыгармалардын 5 томдугу" китептерин белекке тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть