18:42 2 июня 2023

Х аймактык олимпиадада ОшМПУнун 23 студенти байгелүү орунга жетишти

27-май күнү ОшМУнун медицина факультетинин имаратында аймактык университеттер аралык Х студенттик олимпиада болуп өттү.

Иш-чара Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп, ага ЖаМУ, ОшТУ, КӨЭАУ, БатМУ, ОшМПУ, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети жана Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунан келген 7 окуу жайдын студенттери катышты.

Анын катарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен жалпы 75 студент катышып, алардын 23ү байгелүү орундар менен кайтышты. Катышуучулар адистик жана предметтик, атайын, жалпы жана улантылуучу деңгээлдеги 25 секцияга бөлүнүп, жооптуу комиссиянын көзөмөлүндө тест, суроо-жооп, эссе жазуу түрлөрү боюнча ар кандай тапшырмаларды аткарышты.

Жыйынтыгында ОшМПУдан катышкан 6 студент 3-орунду багындырып, 8 студент 2-орунду камсыздады. Ал эми 1-орунга 8 студент ээ болду. Байгелүү орундар педагогика, психология, тарых, химия, биология, экология, география, математика, информатика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили предметтеринен камсыздалды.

Ал эми жалпы жыйынтык боюнча ОшМПУ университеттер аралык рейтингде 2-орун, педагогикалык багытта 1-орунду камсыздады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть