18:39 2 июня 2023

ОшМУнун ректору баштаган делегация Казак улуттук университетинде болду

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде ректор Кудайберди Кожобеков баштаган  ОшМУнун өнүктүрүү жана инвестиция боюнча проректору Кубанычбек Токторов, окуу бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Атабаев, IT-Академиянын директору Айтибек Абдирасулов иш сапарында болду.

Делегация  Аль-Фараби музейинде, «Керемет» студенттерди тейлөө борборунда, механика-математика факультетинде жана Экономика жана бизнес жогорку мектебинде болуп, материалдык-техникалык база менен таанышты. Ошондой эле алар  КазУУнин кафедра башчылары менен жумушчу жолугушууга катышып, университеттин IT-инфраструктурасын өнүктүрүү жана билим берүү программалары тууралуу маалыматтарды алышты.  

Андан ары ОшМУнун делегациясы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору  Жансейит Туймебаев жолугуп, баарлашты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө КазУУнин ректору конокторго университеттин ишмердүүлүгү, окуу жана илимий-изилдөө иштеринин негизги багыттары, чет элдик өнөктөштөр менен кызматташуу багыттары тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү программалары, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн келген 100дөн ашуун  чет элдик профессорлор жана окумуштуулар сабак беришет. Бишкекте (Кыргызстан) жана Стамбулда (Түркия) аль-Фараби атындагы КазУУнин филиалы ачылган. Жыл сайын КазУУ менен Борбор Азиянын университеттеринин кызматташуу вектору кеңейип, бүгүнкү күндө 30дан ашык келишимдерге кол коюлган. Анын ичинен 12 келишим Кыргызстандын ЖОЖдору менен түзүлгөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть